Редакцияот 30.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 30-ноябры №63/XVIII-28

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгелөө жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Люксембург айылдык кеңеши

 

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Киршелк айылындагы клубдун авариялык имаратынын ордуна жеке мектепти жана Люксембург айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын (ҮДТ) куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун демилгелөөгө макулдук берилсин.

2. Люксембург айыл өкмөтү МЖӨ долбоорун иштеп чыксын.

 

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы:

 

К.Шайлдабеков