Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясынын

 

2024-жылынын 2-апрели №3/4

 

“Т.Балтагулов айылдык аймагынын Сафед-Булан айылындагы жер

тилкесинен таштанды таштоочу жай уюштуруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”

 

Сафед-Булан айылынан таштанды таштоочу жай үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюнча, Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Сафед-Булан айылындагы бош жаткан жер тилкелеринен таштанды таштоочу жай уюштуруу үчүн мыйзам чегинде 2,0 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.    Таштанды таштоочу жай уюштуруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо-айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысы-Н.Кудайбердиевага тапшырылсын.

 

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-айылдык кеңештин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура,курулуш,транспорт,айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

Т.Хамракулов.