Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын

2021-жылдын 6-августундагы № 4

 

“Айыл өкмөтүнүн Ай-Көл айылынын жашоочуларынын 2021-жылдын 12-июлундагы чогулушунун протоколун кароо жөнүндө”

Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы жогорудагы маселени карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Ай-Көл айылынын жашоочуларынын 2021-жылдын 12-июлундагы “Элдин талаадагы эгиндерине түшүп жаткан малдарга жана мал ээлерине чара көрүү боюнча” чогулушунун протоколун айылдык Кеңештин сессиясында бекитип алуу боюнча сунушунун мыйзамдуулук жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык башкармалыгынан суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевке милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңештин төрагасы:

 

К.Ражапов