АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 28-сессиясынын токтому
2023-жылдын 1-декабры № 107
Александровка айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин
киреше жана чыгаша бөлүктөрүн тактоо жөнүндө
Айылдык кеңештин пландоо-бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Т.Булазованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Александровка айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкөмүтүнүн бюджетине 2495,6 миң сом максаттуу трансферттин келип түшкөнүнө байланыштуу:
1) 2023-жылдын чыгаша бөлүгү көбөйтүлсүн:
- 70111 (аткаруу органдары) бөлүмүнүн 22311100 (ичүүчү сууга төлөм) беренеси 1800 (бир миң сегиз жүз) сомго (кредитордук карызга);
- 70629 (башка турак жай жана коммуналдык тейлөөлөр) бөлүмү:
· 22154900 (башка тейлөөлөр менен байланышкан чыгымдар)беренеси 160 000 (жүз алтымыш миң) сомго;
- 70823 (клубтар, маданият үйлөрү) бөлүмү:
· 31123290 (эмеректер жана жабдуулар) беренеси 356 400 (үч жүз элү алты миң төрт жүз) сомго;
· 22311100 (ичүүчү сууга төлөм) беренеси 2330 (эки миң үч жүз отуз) сомго (кредитордук карызга);
- 70911 (мектепке чейинки билим) бөлүмүнүн 22231100 (кийим буюмдарын жана атайын формаларды оңдоо, тигүү, сатып алуу) беренеси 50 000 (элү миң) сомго;
- 70921 (орто билим) бөлүмү:
· 31123290 (эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу) беренеси 1 823 200 (бир миллион сегиз жүз жыйырма үч миң эки жүз) сомго;
· 22311100 (ичүүчү сууга төлөм) беренеси 101 870 (жүз бир миң сегиз жүз жетимиш) сомго (кредитордук карызга).
- Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |