Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын
2024-жылынын 19-апрели №4
“Т.Балтагулов айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын бекитип берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында, Жалал-Абад облусунун, Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айылдык аймагынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Т.Балтагулов айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап,Т.Балтагулов айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Т.Балтагулов айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына толук макулдук берилсин.
2. Т.Балтагулов айылдык кеңешинин төрагасы Т.Хамракуловго жана Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге: Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсүн Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына тапшыруу-айылдык кенештин жооптуу катчысы Н.Кудайбердиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | Т.Хамракулов. |