АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 24-сессиясынын токтому
2023-жылдын 25-сентябры № 102
Александровка айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин
киреше жана чыгаша бөлүктөрүн тактоо жөнүндө
Айылдык кеңештин пландоо-бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Т.Булазованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, айылдык кеңештин пландоо-бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25-сентябрындагы протоколуна ылайык
Александровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9-айы боюнча жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн тактоого байланыштуу төмөндөгү өзгөртүүлөр бюджеттин киреше жана чыгышы бөлүгүнө киргизилсин:
1) Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү кыскартылсын:
· Патенттин негизиндеги салык 11122300 элементи боюнча - 800,0 миң сомго;
· Салык агенти төлөгөн киреше салыгы 11111100 элемнти боюнча – 500,0 миң сомго;
2) Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү көбөйтүлсүн:
· Калктуу конуштардын жана айыл чарба эмес жерлерин пайдланууга жер салыгы – 400,0 миң сомго;
3) Айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин киреше бөлүгү кыскартылсын:
· Мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин кошумча тейлөөлөрүнө алынган акысы 14232400 элементи боюнча – 260,8 миң сом;
4) Айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин чыгаша бөлүгү кыскартылсын:
· 70911 бөлүгү (мектепке чейинки билим) 22181100 “Тамак азыктарын сатып алуу” статьясы - 260,8 миң сомго;
5) Айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгү кыскартылсын:
· 70629 (Башка турак жай жана коммуналдык тейлөөлөр) бөлүмүнүн 31112320 (Мекемелерди капиталдык оңдоо) статьясы – 900 000 сом;
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |