САМАРКАНДЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2023-жылдын 28-июлундагы, № 19
Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын I жарым жылдыгында аткарылуусу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Ражаповдун 2023-жылдын I жарым жылдыгында Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылуусу жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын V cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Ражаповдун 2023-жылдын I жарым жылдыгында Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылуусу жөнүндө маалыматы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э.Ражаповго тапшырылсын.
Төрага: |
| У. Гайыпов |