Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясынын
2024-жылынын 23-апрели №5/3
“Кызыл-Ата айылындагы “Чынар” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачуу жөнүндө”
Т.Балтагулов айылдык аймагынын Кызыл-Ата айылындагы “Чынар” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси А.Ташкараеванын жана айылдык кеңештин бюджет,экономика,муниципалдык менчик,инвестиция,ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча комиссиясынын бала бакчага кошумча 1 тайпа ачуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Ата айылындагы “Чынар” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 1 тайпага тамак-аш үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 22181100 беренеси боюнча, 93 420 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бала бакчага кошумча тайпа ачуу боюнча, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо-“Чынар” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси А.Ташкараевага милдеттендирилсин.
3. Кошумча тайпага кабыл алынуучу балдардын тамак-ашы үчүн акча каражатын бөлүштүрүп берүү-айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге тапшырылсын
4. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысы-Н.Кудайбердиевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-айылдык кеңештин бюджет,экономика,муниципалдык менчик,инвестиция,ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
.
Төрага: | Т.Хамракулов. |