Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясынын
2024-жылынын 23-апрели №5/4
“Ак-Там айылындагы “Майрам” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак-ашына каражат бөлүп берүү жөнүндө”
Т.Балтагулов айылдык аймагынын Ак-Там айылындагы “Майрам” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты жаңыдан курулуп пайдаланууга берилип жаткандыгына байланыштуу, “Майрам” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Г.Бабакулованын жана айылдык кеңештин бюджет,экономика,муниципалдык менчик,инвестиция,ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча комиссиясынын балдардын тамак-ашын камсыздоо жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Там айылындагы “Майрам” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак-ашына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 22181100 беренеси боюнча, 373 680 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бала бакчага акча каражатын бөлүштүрүп берүү-айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге тапшырылсын.
3. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысы-Н.Кудайбердиевага милдеттенирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-айылдык кеңештин бюджет,экономика,муниципалдык менчик,инвестиция,ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
.
Төрага: | Т.Хамракулов. |