Редакцияот 22.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VI сессиясы

 

2023-жылдын 22-сентябры  № 6-1

Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2023-жылдын 25-августундагы чыгыш №11-79а-23 сандуу “Ат-Башы айылдык кеңешинин 06.07.2023-жылдагы №3-2, №3-3, №3-4, №3-5, №3-6, №3-7, №3-8, №3-9 жана №3-10 токтомдоруна” каршылык билдирүүсү жөнүндө

 

Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2023-жылдын 25-августундагы чыгыш №11-79а-23 сандуу “Ат-Башы айылдык кеңешинин 06.07.2023-жылдагы №3-2, №3-3, №3-4, №3-5, №3-6, №3-7, №3-8, №3-9 жана №3-10 токтомдоруна” каршылык билдирүүсүн эске алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

         

1.              2023-жылдын 6-июлундагы Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин кезексиз III сессиянын  төмөндөгү токтомдору жокко чыгарылсын:

1)     “Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндөгү ” №3-2 токтому;

2)     “Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жар, Ача-Кайынды  айылдарына айыл  башчы штаттык бирдигин  киргизүү жөнүндөгү ” №3-3 токтому;

3)     “Бириктирилген Ат-Башы айыл  өкмөтүнө жана бош калган  Ача-Кайыңды, Ак-Жар айылдарындагы административдик имараттарына кароолчулук штат ачууга макулдук берүү жөнүндөгү ” №3-4 токтому;

4)     “Ат-Башы токой  чарбасына тиешелүү 2,19 га  жер аянтын  Ат-Башы айыл  өкмөтүнө караштуу 2,19га   жер аянты менен алмашуу  жөнүндөгү” №3-5 токтому;

5)     “Ат-Башы айыл  аймагынын айылдык кеңешинин иш кагаздарын жүргүзүүчү-катчынын штаттык бирдигин ачуу  жөнүндөгү” №3-6 токтому;

6)     “Ат-Башы айыл  аймагынын айылдык кеңешинин иш кагаздарын жүргүзүүчү-катчынын штаттык бирдигин ачу Ат-Башы  айыл аймагынын калктуу конуштарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндөгү ” №3-7 токтому;

7)     “Ат-Башы айыл  аймагынын айылдык кеңешинин иш кагаздарын жүргүзүүчү-катчынын штаттык бирдигин ачуу Ат-Башы  айыл аймагынын калктуу конуштарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда кызмат көрсөтүү үчүн төлөнүүчү акынын баасын бекитүү  жөнүндөгү ” №3-8 токтому;

8)     “АРИСтин айылды  инвестициялоо  долбоору менен келген  гранттык  акча каражатка   айыл  чарба техникаларын  алуу  жөнүндөгү” №3-9 токтому;

9)     “Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын “Жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү” жөнүндөгү” №3-10 токтому;

Төрага

 А. Шукурбеков