Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

 

2023-жылдын 6-октябры  № 7-3

Ат-Башы  токой  чарбасына тиешелүү 2,19 га  жер аянтын  Ат-Башы айыл  өкмөтүнө караштуу 2,19га   жер аянты менен алмашуу  жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин   кайрылуусун  угуп жана  талкуулап  Ат-Башы айыл  аймагынын  айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

                    

1.              Кыргыз Республикасынын  2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Мамлекеттик  администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна  ылайык, Ат-Башы токой чарбасынын 86-кварталынын 2,3 бөлүмчөсүндө (выдел) жайгашкан 2,19 га токой  фондусундагы жер, Ат-Башы  айыл өкмөтүнө караштуу 2,19 га жер  аянтына алмашылсын;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жерге  жайгаштыруу, жайыт  жана  айыл  чарба маселелери  боюнча башкы  адиси Р.Мүсүралиевке   милдеттендирилсин;

3. Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  Ат-Башы айыл  өкмөт башчысы Р.Докоевке тапшырылсын.

Төрага

 

 А. Шукурбеков