Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

 

2023-жылдын 6-октябры  № 7-5

Ат-Башы  айыл  аймагынын калктуу конуштарында таштандыларды ташып чыгарууда кызмат көрсөтүү үчүн төлөнүүчү акынын баасын бекитүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Күнүмдүк таштандыларды чыгарууда  Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарынын тургундарынан ар бир түтүнгө 1 (бир) айга 100 (бир жүз) сомдон акы төлөтүү менен жыл сайын 1 марттан 1-декабрга чейин кызмат көрсөтүү жагы белгиленсин;

2.              Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү акыны чогултуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин;

3.              Ат-Башы айылынын квартал комитетинин башчыларына, Ача-Кайынды, Ак-Жар айылдарынын айыл башчыларына жогорудагы жыйымдарды чогултууга көмөк көрсөтүү жагы милдеттендирилсин;

4.              Калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн акыны жыйноо боюнча эсебин берип туруу жагы жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын бухгалтерине милдеттендирилсин;

5.              Калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү жыйымдарды жыйноо түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттүү түрдө жүргүзүлсүн;

6.              Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин;

 

Төрага

 А. Шукурбеков

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.