Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

 

2023-жылдын 6-октябры  № 7-6

АРИСтин айылды  инвестициялоо  долбоору менен келген  гранттык  акча каражатына  айыл чарба  техникаларын  алуу жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин билдирүүсүн   угуп  жана талкуулап  Ат-Башы  айыл аймагынын  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Кыргыз Республикасынын  2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Мамлекеттик  администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин  1-пунктуна  ылайык, Ат-Башы айыл  өкмөтүнө караштуу  Ача-Кайынды  айылына АРИСтен  грант катары  бөлүнгөн 54000 (элүү төрт мин) АКШ долларына айыл  чарба  техникасы шаймандары менен алынсын;

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн   экономика, статистика жана инвестиция тартуу иштери боюнча  жетектөөчү адиси Бейшенбек кызы Айсулууга  милдеттендирилсин;

3. Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  Ат-Башы айыл  өкмөт башчысы Р.Докоевке милдеттендирилсин.

Төрага

 

 А. Шукурбеков