Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

 

2023-жылдын 6-октябры  № 7-7

Ат-Башы айыл аймагынын “Жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү” жөнүндө

 

Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагында  “Жергиликтүү жамааттын уставын  бекитүү” жөнүндөгү айыл өкмөттүн башкы адиси-юристи  Н.Карыбековдун берген маалыматын угуп жана талкуулап,  Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндөгү” 2023-жылдын  3-апрелдеги  ПЖ №85 Жарлыгына ылайык Ат-Башы, Ача-Кайыңды жана Ак-Жар айыл аймактырынын бириктирилип, бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлгөндүгүнө байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Ат-Башы айыл аймагында “Жергиликтүү жамааттын уставы” 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; (1-тиркеме тиркелет)

 

2. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын 15-февраль 2023-жылдагы кезектеги XХIV сессиясынын “Ат-Башы айыл аймагынын “Жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндөгү” №24-6 токтому күчүн жоготту деп табылсын;   

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.  

 

 

Төрага

 А. Шукурбеков

 

                                                                                                                   

 

 

 

 

 

                                                                                                Ат-Башы айыл аймагынын

                                                                                      айылдык кеңешинин

                                                                                            6-октябрь  2023-жылдагы

                                                                                                  №7-7 токтомуна 1-тиркеме

Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү

жамаатынын  уставы

        Биз бириктирилген Ат-Башы (Ак-Жар, Ача-Кайыңды) айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда территориябызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен, ата-бабабыздын “Ырыс алды - ынтымак”, “ Көп түкүрсө - көл болот” деген накыл кептерин туу тутуп, өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти  жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды  өнүктүрүүнү максат кылып, жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.

I.Жалпы жоболор

II.Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү

III.Жергиликтүү маанидеги маселелер

IV.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну  жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары

V.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери

VI.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башка тараптар (субьектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн тартиби

VII.Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын      экономикалык - чарбалык негиздери

VIII.Корутунду жоболор

                                                                                       I.Жалпы жоболор

1.Жалпы жоболор

Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтому менен бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.

Ушул Устав Ат-Башы айыл аймагында колдонулат жана өзүнүн уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.

II.Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: администрациялык-аймактык бирдик - бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүүлүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;

жергиликтүү жамаат - жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;

өткөрүлүп берилген берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;

демилгечи топ - ушул Уставга ылайык айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү, айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн айыл аймагында жашаган 5-7 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме;

(Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);

жергиликтуу курултай (жергиликтуу жамааттын курултайы) - айыл аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берүү максатында өткөрүлүүчү айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;

муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш- милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;

жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси - жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;

жарандардын чогулушу (жыйыны) - жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын иши жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн колдонулуучу бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын же шаардын аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз катышуусунун формасы.

коомдук угуулар - жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;