КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 20 сессиясы
2023-жылдын 31-майындагы, № 20/6
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн кээ бир салык түрлөрү боюнча ставкаларын жана коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттары 7 чакырылышынын кезексиз 20 сессиясында Т.Досатовдун билдирүүсүн угуп, айыл чарбасына жараксыз жерлердин аймактык коэффициентин бекитип берүү жана таштандыларды чыгаруу жыйымынын ставкасын бекитүү боюнча Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндөгү айыл чарбасына арналбаган жер аянттары үчүн эсептелүүчү (Кз) коэффициентин бир коэффициентке бекитилип берилсин.
2. Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы тамарка жерлери үчүн эсептелүүчү коэффициенти бир коэффициентке бекитилип берилсин.
3. Таштанды чыгаруу жыйымы боюнча ар бир кожолуктан 100(жүз)сом, соода дүкөндөрү жана ашканаларга 500(беш жүз)сом эсебинде бекитилсин.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы райондук салык башкармалыгынан суралсын.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| К.Машрапов |