Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган)

кезектеги ХХIV сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 9

 

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин кара мал жана кой жылкылары үчүн тарифтерин бекитүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин жакынкы жана ортоңку жайыттарга кара мал, кой жана жылкыларды багуу үчүн жана техникаларынын мото саатка тарифтерин бекитүү үчүн кайрылган сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Жакынкы жана ортоңку жайыттарга малдарды багуу үчүн төмөндөгүдөй тарифтер;

Кара мал айына  50 сом

Жылкы айына    50 сом

Кой-эчкиге айына 10 сом өлчөмүндө ар бир мал, жылкы жана койлорго бекитилсин.

2. Эгилген эгиндерди жана чөп чабыктарды мал койлорун карабай жедирип койгон мал жандыктарга;

Кара малга  1000 сом

Кой-эчкилерге 500 сом өлчөмүндө айып пул салынсын.

3. Ортоңку жайытка баруу 20-апрелинен. Алыскы жайытка 20-майга чейин көчпөгөн жайыт пайдалануучуларга 50 000 сом айып пул.

4. №515 токтомдун негизинде кыйыр пайдалангандыгы үчүн 1 га жайыт жерлерине 1000 сомдон ижара акы төлөнсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин кеңешине тапшырылсын.

 

 

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы

 

А.Салимов