Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган)

кезектеги ХХIV сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 10

 

Айыл чарба сервистик борборунун техникасы жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Айыл чарба сервистик борборунун жетекчиси Т. Разаковдун сунушун угуп жана талкулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Айыл чарба сервисине тийешелүү болгон семечка оруучу техникасы эскилиги жетип, жараксыз абалда туургандыгына байланыштуу көзкарандысыз эксперттерге баалатып, аукцион аркылуу сатылсын.

2. Анын ордуна жаңы жүгөрү, беде оруучу техника алынсын.

3. Бул токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы

 

А.Салимов