САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган)
кезектеги ХХIV сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 11
Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айлынын Жаңы кылым көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылынын Жаңы кылым көчөсүнө Нышанов Алайчи Нышанович атын коюу боюнча баласы Нышанов Ыдырыс Алайчиевичтин сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Эркин айылыны Жаңы кылым көчөсүнө Нышанов Алайчи аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Нышанов Алайчи аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү, уулу Нышанов Ыдырыска милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айылынын айыл башчысына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы |
| А.Салимов |