Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган)

кезектеги ХХIV сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 14

 

Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылындагы №151 контурунан 6,24 га, жер аянтын айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерине кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесин, Сарай айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси С.Мамиевдин, Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылындагы №151 контурунан 6,24 га, аянтын айыл чарба багытындагы сугат айдоо жер аянтын «өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясынын өзгөртүү боюнча трансформациялоо боюнча сунуш катын Сарай айылдык Кеңештин депутаттары кеңири угуп жана талкуулап чыгып, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылындагы №151 контурунан 6,24 га, аянтын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин негизинде айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жери катары каттоого макулдук берилсин.

2. Мыйзам негизинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы

 

А.Салимов