Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган)

кезектеги ХХIV сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 15

 

Таштанды үчүн жыйым салыгы жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн салык кызматкери С.Исмаиловдун сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу элдердин таштандысы үчүн жыйым салыгын чогултуу боюнча 2024-жылга карата жылдык план 190 000 сом, чогултуу салыгын ар бир кожолуктан 30-40 сомдон, 100 сомго чейин төлөнөт. Планды аткаруу мөөнөтү сентябрь айына жылдырылсын.

2. Сентябрь айына планга киргизүү Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы

 

А.Салимов