Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

 

2024-жылынын 31-май №167/35-8

 

“Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-статьясынын 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы К.Көлбаевдин аксакалдар кеңешинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Б.Кыдыралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXXV сессиясы

 

Токтом кылат:

 

  1. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы К.Көлбаевдин аксакалдар кеңешинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.

 

  1. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши Кара-Көл шаардык кеңешинин 03.02.2023-жылдагы № 108/24-8 сандуу токтому менен бекитилген “ Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык иш жүргүзсүн.

 

  1. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешине ( К.Көлбаев) төмөнкүлөр сунушталсын:

-жардамга муктаж жалгыз бой ардагерлерге көмөк көрсөтүү боюнча шаардык мэрия менен тыгыз иш алып баруу;

-жаштарды тарбиялоо процесстерине активдүү катышуу;

- коомдук иштерге активдүү катышкан ардагерлерге материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешине ( К.Көлбаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Б.Кыдыралиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Ч.А. Кимсанов .