КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылынын 31-май №168/35-8
“Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2022- 2023-жылдарда аткарган иштери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана “Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги У.Ш.Бокоевдин 2022-2023-жылдарда аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Р.Касымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XХХV сессиясы
Токтом кылат:
- Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө У.Ш.Бокоевдин маалыматы жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Р.Касымовдун билдирүүсү эске алынсын.
- Кара-Көл шаардык кеңешинин токтомдору, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын чечимдери аткарылбагандыгы белгиленсин.
- Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы өзүнө тиешелүү функцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып барсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын шар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына (У.Ш.Бокоев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (И.Р.Касымов) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А. Кимсанов . |