Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

 

2024-жылынын 31-май №169/35-8

 

“Жер ресурстары агенттиктин Кара-Көл филиалынын 2022-2023-жылдарда аткарган иштери жөнүндө ”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин

2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана “Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Жер ресурстары агенттиктин Кара-Көл филиалынын башчысы Г.Р.Сооронбаеванын 2022-2023-жылдарда аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Р.Касымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XХХV сессиясы

 

Токтом кылат:

 

  1. Жер ресурстары агенттиктин Кара-Көл филиалынын 2022-2023-жылдарда аткарган иштери жөнүндө Г.Р.Сооронбаеванын маалыматы жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Р.Касымовдун билдирүүсү эске алынсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жер ресурстары агенттиктин Кара-Көл филиалына (Г.Р.Сооронбаева), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (И.Р.Касымов) жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Ч.А. Кимсанов .