МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 5-октябры № 8/46
Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарбьа жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөтиптүү жобо тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №26 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу “трансформациялоо” тартиби жөнүндө” Жобонун, 2023-жылдын 19-июлундагы №5 чечиминин негизинде Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат:
1,Миӊ-Булак айыл аймагындагы Миӊ-Булак айылынын “Төрт-Кашар” участогунун №1320 контурда жайгашкан жалпы аянты 2,6 га жайыт жердин ичинен 1 га жерин өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин..
2.Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жакшылыковго тапшырылсын.
Төрага | А. Жамангулов |