ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2023-жылдын 21-ноябры №8/2
Ормон-Хан айыл аймагындагы Тогуз-Булак участкасындагы муниципалдык мал базарды куруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023—жылдын 5-октябрындагы №591 тескемеси менен республикалык бюджеттен Ормон-Хан айыл аймагына бөлүнгөн 10000,0 (он миллион) сом акча каражатын Ормон-Хан айыл аймагындагы Тогуз-Булак участкасындагы муниципалдык мал базарды куруу үчүн бөлүү тууралуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагындагы Тогуз-Булак участкасындагы муниципалдык мал базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 10000,0 (он миллион ) сом акча каражат которулсун.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Сагынбек уулу |