Редакцияот 21.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын

 

2022-жылдын 21-апрелиндеги № 34

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда 2022-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын эсебинде калган 67, 4 млн сом каражатты 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине каржылоо үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин каражаттарына № 1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

Тиркеме тиркелет

2. Бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрун максатуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровго милдеттендирилсин.

3. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы жана Экономика Министрлигинин Кадамжай башкармалыгынан суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет-экономика жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Ахунова С.

 

 

 

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин

7-чакырылышынын кезектеги

12-сессиясынын 2022-жылдын

21-апрелиндеги №34 токтомуна

№1 тиркеме

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалымат

Атайын каражаттар

 

Экономик

классифик

Мазмууну

Сумма

Жалпы

1 кв

2 кв

3 кв

4 кв

 

Кирешелер

67,4

0,0

67,4

0,0

0,0

14232400

Айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда 2022-жылдын

1-январына карата калдык. Мектепке чейинки жана мектеп мекмелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы

67,4

 

67,4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чыгашалар

 

 

 

 

 

 

Балдар бакчасы 70911

 

 

 

 

 

2218

Тамак-аш сатып алууга

67,4

0,0

67,4

0,0

0,0

22181100

Тамак-аш сатып алууга

67,4

 

67,4

 

 

 

Катчысын милдетин аткаруучу

 

М. Жолчуева