ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2023-жылдын 21-ноябры №8/6
Эксковатор алуу долбоорго өздүк салым бөлүү жөнүндө
Тенир-Тоо өнүктүрүү фондко сунушталчу эксковатор алуу 14 240 000 (он төрт миллион эки жүз кырк мин) сомдук долбоорго өздүк салым катары 2 848 000 (эки миллион сегиз жүз кырк сегиз мин) сом бөлүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Тенир-Тоо өнүктүрүү фондко сунушталчу эксковатор алуу 14 240 000 (он төрт миллион эки жүз кырк мин) сомдук долбоорго өздүк салым катары 2 848 000 (эки миллион сегиз жүз кырк сегиз мин) сом Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетинен каралсын.
2. Бул акча каражатын Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетиннин долбооруна киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Сагынбек уулу |