МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №2 – сессиясы
2023-жылдын 21-июлу № 8-2-2
Миң-Куш айыл аймагынын 17-аянтчасында жайгашкан жаңы салынган кичи футбол аянтчасынын атын коюу жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Куш айыл аймагынын 17-аянтчасында жайгашкан жаңы салынган кичи футбол аянтчасынын атын “Кайыпбек уулу Тилек жана Кубатбек уулу Назар атындагы ДОСТУК аянтчасы” деп аталсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага: | Д. Т. Абдыралиев |