Редакцияот 13.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин  №3 – сессиясы

 

2023-жылдын 13-сентябры № 8-3-2

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 жарлыгынын негизинде “ Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү “ жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 жарлыгынын негизинде “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү” жөнүндө Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:

1.              Миң-Куш, Кабак айыл аймактары бириккендиктен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 жарлыгынын негизинде “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү” жөнүндө типтүү жобо кайра бекитилсин.

2.              Миң-Куш айлдык кеңеши тарабынан бекитилип берилген жобонун негизинде Миң- Куш айыл аймагында “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү” боюнча иштер алып барылсын.

3.              Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына  жарыялансын  жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

Төрага:

Д. Т. Абдыралиев

«Миң-Куш айыл аймагынын

айылдык кеңеши» мекемесинин                                                             

2023-жылдын 13-сентябрь

№ 8-3-2 токтому менен бекитилген

Миң-Куш айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, маарекелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү жөнүндө

ЖОБО

I. Жалпы жоболор.

  1. Ушул жобо Миң-Куш айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартибин аныктайт.
  2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына; “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына;

Миң-Куш айыл аймагынын жергиликтүү жааматынын Уставына.

  1. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: Маркумду жерге коюу иш-чаралары - өлгөн адамдын сөөгүн коюуга байланышкан үрп-адаттардын жана аракеттердин жыйындысы (куран окутуу, 40 күндүк, жылдык ж.б)

 

II. Жобонун максаты жана милдеттери.

 

  1. Ушул Жобонун максаты жарандардын социялдык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирген ашыкча чыгымга жана ысырапкерчиликке жол бербөө чараларын белгилөө болуп саналат.
  2. Ушул Жобонун милдеттери үйлөнүү-үлпөтүн, үй-бүлөлүк, маарекелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү, ошондой эле калк арасында алардын маңызын жана маанисин туура түшүнүүнү калыптандыруу болуп саналат.

 

III. Ушул Жобону ишке ашырууну контролдоо боюнча комиссия.

 

  1. Ушул Жобону ишке ашыруу үчүн Миң-Куш айыл өкмөтүнүн алдында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү боюнча туруктуу комиссия түзүлөт.
  2. Комисся түзүмү:

1.     Комиссиянын жетекчиси (Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы)

2.     Комиссиянын мүчөлөрү: Миң-Куш айылдык кеңешинин депутаттары, Миң-Куш айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, айыл башчылары, айыл тургундары, дин кызматкерлери ж.б.

  1. Комиссия түзүү жана анын курамы жөнүндө чечим Миң-Куш айылдык кеңеши тарабынан бекитилет. Комиссиянын сандык курамы ушул Жобону ишке ашыруу боюнча аткарылуучу иш-чаралардын көлөмүн эске алуу менен Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча бекитилет.
  2. Комиссиянын ишин уюштуруучулук формасы болуп комиссиянын отуруму саналат. Эгер отурумга комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышса, аны өткөрүүгө укуктуу деп эсептелет. Комиссия мүчөлөрүнүн отурумуна катышкандардын жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
  3. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:

-       Ушул Жобонун талаптарына ылайык үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүгө көзөмөл кылат;

-       Үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү маселелери боюнча Миң-Куш айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

-       Үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүгө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери уюштурулат;

-       Үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү боюнча алдыңкы тажырыйбаларды жайылтат;

-       Миң-Куш айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактардан ушул Жобонун аткарылышын талап кылат;