МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №4 – сессиясы
2023-жылдын 6-октябры № 8-4-1
Миң-Куш айыл аймагы боюнча экинчи Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгынын негизинде аныкталган 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү экинчи Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө маселени карап, айылдык Кеңештин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Миң-Куш айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Миң-Куш айыл аймагы боюнча жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 50 адамдан түзүлсүн;
2. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Миң-Куш айыл аймагы №1- тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн;
3. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги жана алардын шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери №2- тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. Жергиликтүү курултайлардын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жоопту жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси №3- тиркемеге ылайык бекитилсин;
5. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча 12 адамдан турган жумушчу тобунун курамы №4 - тиркемеге ылайык бекитилсин;
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
Төраганын орун басары: | Болот уулу Аскат |
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин 06-октябрь 2023-жылдагы
№8-4-1 токтомуна №4-тиркеме
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун
курамы:
1. Абдыралиев Дастан - жумушчу топтун төрагасы;
2. Орозбек уулу Адисбек - жумушчу топтун катчысы;
3. Ташкенбаев Данил - жумушчу топтун мүчөсү;
4. Болот уулу Аскат - жумушчу топтун мүчөсү;
5. Эсенбек уулу Эркинбек - жумушчу топтун мүчөсү;
6. Азатбеков Арлен - жумушчу топтун мүчөсү;
7. Сейдалиев Султанмурат - жумушчу топтун мүчөсү;
8. Исмаилов Улукбек - жумушчу топтун мүчөсү;
9. Майрамбеков Жакшылык - жумушчу топтун мүчөсү;
10. Мундузбаев Улан - жумушчу топтун мүчөсү;
11. Акылбек уулу Самат - жумушчу топтун мүчөсү;
12. Акылбек уулу Дыйкан - жумушчу топтун мүчөсү;
Миң-куш айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин катчысы: _______________________ А.Орозбек уулу.