Редакцияот 08.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 8-июну № 1245-VII

"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак массивинде, Сары-Чат дарыясынын бассейнинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө "Король Абдулазиз" географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 19-апрелиндеги чыг. № 19-3142) "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак массивинде, Сары-Чат дарыясынын бассейнинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө "Король Абдулазиз" географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын

       Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

Н.А. Азыгалиев