Редакцияот 19.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин  №1 – сессиясы

 

2023-жылдын 19-майы  № 8-1-3

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламенттин өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85-Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177- Токтомун  жетекчиликке алуу менен

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.               Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентти толуктоолор менен бекитилсин.

Төрага

Д. Абдралиев

                                                                                                      Нарын облусунун Жумгал районунун

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин  2023-жылдын “19” майында

№ 8-1-3 токтому менен бекитилген.

 

 

 

 

 

 

 

“Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши”

 мекемесинин

 

РЕГЛАМЕНТИ

  

  

 

 

Миң-Куш айылы 2023-жыл.

 

Мазмуну.

 

 

 

 

 

“Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши”мекемесинин типтүү регламенти.

 

I      Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишинин негиздери

II    Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ченем жаратуу иши.  жергиликтүү кеңештин токтомдорун даярдоонун, киргизүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартиби

III  Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби

IV  Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин аппараты/жооптуу катчысы

I БӨЛҮМ.  ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ.

1-глава. Жалпы жоболор.

1.1 Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши (мындан ары – жергиликтүү кеңеш) - мыйзамдарда белгиленген тартипте жана санда жергиликтүү коомдоштук тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланган депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы. 

1.2. Сессиянын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар жергиликтүү кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.

1.3. Жергиликтүү кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет. 

1.4. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, өзү тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана аткарылышын камсыз кылат.

1.5. Жергиликтүү кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштурууну аныктайт. 

1.6. Жергиликтүү кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат. 

2-глава. Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелер.

2.1. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.

2.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:

1)              жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;

2)              жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;

3)              аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;

4)              жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

5)              муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:

а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;

б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;

в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;

г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;

д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө. 

6)              жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;

7)              тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

8)              кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

9)              кеңештин регламентин кабыл алуу;

10)          жергиликтүү кеңештин жылдык иш планын бекитүү;

11)          жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;

12)          өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;

13)          муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануунун, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуунун, ташып чыгаруунун жана жок кылуунун тарифтерин бекитүү;

14)          алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;

15)          расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;

16)          ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;

17)          бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;

18)          жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;

19)          аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;

20)          башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;

21)          жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча ишчаралардын планын бекитүү;

22)          аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

23)          келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

24)          жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча ишчаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу; 

25)          жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү; 

26)          жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жамааттардын ар жылдык планын, жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмүн бекитүү, алардын аткарылышы боюнча отчетторду угуу;

27)          жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;

28)          аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында аткаруу органдары менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;

29)          кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу; 

30)          өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды аткарууну аткаруу органынын башчысына тапшыруу; 

31)          депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;

32)          мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.