МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №1 – сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 8-1-4
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши
мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Миң-Кушжана Кабак айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: " Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси;
-Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Мин-Кушского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: " Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши" м-и.
- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Мин-Кушского айылного аймака"
2. Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.
3. Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Миң-Куш айылы, Тастар-Ата көчөсү № 22а болуп аныкталсын.
4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага | Д. Абдралиев |
«Миң-Куш айыл аймагынын
айылдык кеңеши» мекемесинин 2023-жылдын 19-майындагы
№ 8-1-4 токтому менен бекитилген
«Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши»
мекемесинин
Жобосу
Миң-Куш айылы 2023-жыл
1. Жалпы жоболор
1.1. Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси (мындан ары – айылдык кеңеш) – тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айылдык кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Ресубликасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги
ПЖ № 87 Жарлыгы менен бекитилген «Айыл аймактарнын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө» Убактылуу Жобого, башка ченемдик актыларга жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
1.3. Айылдык кеңештин уюштуру-укуктук формасы – мекеме.
1.4. Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы:
¾ Мамлекеттик тилде: “ Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси;
¾ Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш Мин-Кушского айылного аймака”;
Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:
¾ Мамлекеттик тилде: “Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши” м-и;
¾ Расмий тилде: У-е “Айылный Кенеш Мин-Кушского айылного аймака”;
1.5. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Миң-Куш айылы,Тастар-Ата көчөсү, үй №22а
1.6. Мекеменин иштөө мөөнөтү чектелбейт.
1.7. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат. Айылдык кеңеш өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишим түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда негизги жана жүгүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска, банктардагы алыш-бериш жана башка эсептерге, өзүнүн символикасы бар мөөргө, штампка жана бланктарга ээ болууга укуктуу.
1.8. Бириктирилген айыл аймактарынын курамына кирген айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин бириктирилген айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин депутаттары болуп саналат.
1.9. Бириктирилген айыл аймактарынын айылдык кеңештери (мындан ары-айылдык кеңеш) юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, бланкы бар.
1.10. Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде жүргүзүлүучү административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө айылдык кеңештин ишин уюштуруу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргадары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын II-бөлүмүнүн 3-главасынын ченемдери менен жөнгө салынат.