Редакцияот 30.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы

 

2023-жылдын 30-октябры  № 8-3

Аймактык териториалдык реформанын (АТРдин) алкагында Ат-Башы айыл аймагынын үй-бүлөлүк салтанаттар жана маркумду эскерүүнүн үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндө

                                                                                        

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 13-пунктуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            “Ат-Башы айыл аймагынын үй-бүлөлүк салтанаттар жана маркумду эскерүүнүн үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча” Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; (1-тиркеме тиркелет)

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын. 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Шүкүрбеков

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

                                                                                      айылдык кеңешинин

                                                                                               30-октябрь 2023-жылдагы

                                                                                               №8-3 токтомуна 1-тиркеме

Ат-Башы айыл аймагынын үй-бүлөлүк салтанаттар жана маркумду эскерүүнүн үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча  Жобо

1.    Жалпы жоболор;

2.     Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби;

3.    Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби;

4.    Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби;

5.    Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары;

6.    Жергиликтүү комиссия;

7.    Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.

  1. Жалпы жоболор

1.1.       Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске  алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

1.2.       Жобонун максаты Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарында үй-бүлөлүк салттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого,ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропогандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

 

  1. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

 

2.1.        Ат-Башы айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобну (мындан ары-Жобо) иштеп чыгуу үчүн Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарындагы  «Ат-Башы айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке  келтирүү боюнча жумушчу топтун» курамдары айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдардын жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу тарабынан иштелип чыгып бекитилди. 

2.2.       Ушул жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан Жобонун долбоору Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарындагы  ар бир кварталдарында айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн сайтына жана башка массалык маалымат каражаттарына, социалдык желелерге (фейсбук, вотсап ж.б.) жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып Жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан Жобо Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясында бекитилет.

2.3.       Жобону бекитүү жөнүндө Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтому белгиленген тартипте Ат-Башы айыл өкмөтүнүн сайтында жарыяланат.

2.4.       Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү жана айылдык Кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.

2.5.       Мыйзамда белгиленген тартипте Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдарына өзгөртүү, толуктоолор киргизилет.

 

  1. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

 

3.1.       Үй-бүлөлүк салтанаттарга- бешик тою, тушоо кесүү тою,балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу маараке салтанаттары жана башкалар кирет.

3.2.        Үй-бүлөлүк салтанаттар Ат-Башы айыл аймагында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана белгиленген тартиптер боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт. Ат-Башы айылындагы «Ат-Башы» жана «Дордой Плаза» тойканаларында өткөрүлүүчү  жана башка үй-бүлөлүк салтанаттардагы адамдардын санын 200 (эки жүз) адамдан ашырбоо;

- Үй-бүлөлүк салтанаттарга ар кандай себеттерди (корзина) алып келүүгө тыю салуу;

- Куда тосууда жана  куда түштөндүрүүдө көп  малды сойбостон жана башка ысырапкорчулукка жол бербестен 3 (үч) майда жандыкка чейин союу менен чектөө.