АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2023-жылдын 30-октябры № 8-1
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жыл ичиндеги бөлүнгөн акча каражатын тогуз айдын жыйынтыгы менен кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Абдымаликовдун, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жыл ичиндеги бөлүнгөн 2820600 (эки миллион сегиз жүз жыйырма миң алты жүз) сом акча каражаттарын 9 айдын жыйынтыгы менен муктаждыкка байланыштуу бөлүштүрүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жыл ичиндеги бөлүнгөн 2820600 (эки миллион сегиз жүз жыйырма миң алты жүз) сом акча каражаты 9 айдын жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй багыттарга бөлүштүрүлсүн:
№ | Аталышы | Сунушталган сумма |
1 | Башкы планга | 2233,1 миң сом |
2 | Түстүү принтер алууга | 100,0 миң сом |
3 | Таза сууга болгон төлөм | 58,0 миң сом |
4 | Камсыздандыруу автомашина | 34,0 миң сом |
5 | Рутокен электрондук кол тамга | 7,0 миң сом |
6 | Жасалуучу жолдун сметалык иш кагаздарын бүткөрүүгө | 245,0 миң сом |
7 | Электр эсептегич алууга | 73,5 миң сом |
8 | Ит атууга | 20,0 миң сом |
9 | Канц товар алууга | 50,0 миң сом |
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Н. Барыктабасовага милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөт башчысы Р.Докоевке тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Шүкүрбеков |