Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясынын

 

2024-жылынын 20-февралы №1

 

““Акман айыл аймагынын Акман айыл Өкмөту мекемеси” “Бешик-Жон айыл аймагынын айыл Өкмөту ” мекемесине кошулуу жөнүндө.”

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактыкреформа жүргүзүү мезгилинде мезгилинде кыргыз республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө”токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    “Акман айыл аймагынын Акман айыл Өкмөту”мекемеси жана “Бешик-Жон айыл аймагынын Бешик-Жон айыл Өкмөту” мекемеси бириктирүү жолу менен “Акман айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

 

2.    Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу

жагы “Бешик-Жон” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы А.Адишовго жүктөлсүн.

 

3.    “Акман айыл аймагынын айыл өкмөтү”мекемесине өткөрүп берүү актысы Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин 2024-жылдын 15-февралындагы №19-б буйругуна ылайык жүргүзүлсүн.

 

4.    Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

 

Төрага:

А.Чолпонбаев .