Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясынын

 

2024-жылынын 20-февралы №2

 

“Жердин категориясын которуу(трансформациялоо) жөнүндө”

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVсессиясы, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформацилоо) жөнүндө” №145 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансфармациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобого негиз Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа участкасынан №10 жазаларды аткаруу мекемесине кыш завод курууга, Карача айылынын Платина участкасынан инвестор тартып кыш завод курууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы А.Адишовдун сөзүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    №10 жазаларды аткаруу мекемесине кыш завод курууга Сары-Талаа участкасынын №251 контурунда жайгашкан 1,5га кайракы жер аянтын мыйзам чегинде трансформациялоого уруксат берилсин.

2.    Инвестиция тартуу үчүн кыш завод курууга Карача айылынын Платина участкасынын контур номери көрсөтүлбөгөн 1,5га айыл чарба багытындагы кайракы айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы” жерлер” категориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

3.    Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Чолпонбаев .