Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясынын

 

2024-жылынын 20-февралы №4

 

“Акман айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси “Бешик-Жон айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесине” кошулуу жөнүндө.”

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     “Акман айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси жана “Бешик-Жон айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси бириктирүү жолу менен “Акман айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси болуп кайра түзүүгө макулдук берилсин.

2.     Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Бешик-Жон” айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин төрагасы А.Чолпонбаевке жүктөлсүн.

3.     “Акман айыл аймагынын айыл өкмөтү”мекемесине өткөрүп берүү актысы Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин 2024-жылдын 15-февралындагы №19-б буйругуна ылайык жүргүзүлсүн.

4.     Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5.     Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

 

.

 

Төрага:

А.Чолпонбаев .