Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Каракол шаардык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XXXIX-сессиясы

2024-жылдын 26-мартындагы №28-39/3                                                                                                                                               

“Каракол” эл аралык аэропортунун жасалма учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо ʏчʏн жер тилкелерин алып коюу жана алардын ээлерине башка жер тилкелерди берʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2024-жылдын 11-мартындагы чыг:№01-16-891 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, 2023-жылдын 13-июнундагы №329-р тескемесинин 2-пунктун ишке ашыруу максатында, Мамлекеттик жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол Ак-Суу филиалы, “Манас” ААКнын ѳкʏлдѳрʏ менен бирдикте, Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районунун аймагында, “Каракол” эл аралык аэропортунун жасалма учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо ʏчʏн жер тилкелери аныкталганын жана алып-коюуга жаткан жер тилкелердин жалпы аянты 45,28 гектарды тʏзгѳнʏн, анын ичинде;

-       Каракол шаарынын чегинде 3,707-га, анын ичинен: 3,707-га Жолголот айылынын тургундарына, 1994-1996-жылдардагы жер реформасынын жүрүшүндө, шаардын административдик чек аралары белгиленгенге жана бекитилгенге чейин берилген жер үлүштөрү. Аталган жер үлүштөрдүн  ичинен 1,56-га жерге  70 субъекттин укугу катталган;

-       Ак-Суу районунун Октябрь айыл аймагынын чегинде 41,573-га, анын ичинен: 1994-1996-жылы жер реформасы учурунда  бөлүнүп берилген Ак-Суу районунун Жолголот айылынын тургундарынын 209 субъектинин, жалпы аянты 37,782-га жер үлүштөрү, «Арашан» айыл чарба кооперативине караштуу 1,2161-га кургатуучу жана сактоочу жайлардын астындагы жер тилкелери жана мамлекеттик менчиктеги жолдордун, каналдардын, токой тилкелеринин алдындагы 2,5749-га жер.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 68-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 11-март 2024-жылдагы №01-16-891 санду катын эске алып, “Манас эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун, 2024-жылдын 27-февралындагы, №40/135 Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  У.Э.Далиевке жолдогон арызын аткаруу максатында, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXIX сессиясы,

                                                                  токтом кылат:

1.     Каракол шаарынын Эл аралык аэропортунун жасалма учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо үчүн алынууга тийиш болгон жер участокторунун (үлүштөрүнүн) тизмеси боюнча токтомдун №1 тиркемесине ылайык, 70-жарандын Каракол шаарынын административдик чек арасында жайгашкан, 1, 56-га аянттагы жер үлүштөрү мамлекеттик муктаждыкка  алынсын.

2.     Каракол шаарынын аймагындагы мурдагы (ЗОСВИЛР) зоналдык дары-ароматтык өсүмдүктөр тажрыйба станциясынын 63-га сугат айдоо жер тилкесинен Ак-Суу районунун жана Каракол шаарынын аймагынын мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынып коюлган  жер үлүштөрдүн ордуна жарандарга берүү үчүн Ак-Суу районунун Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнө бөлүнүп берилсин.

  1. Каракол шаарынын мэриясына тапшырманы аткаруу боюнча төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

-       Жер үлүштөрүнүн мыйзамдуу ээлери менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 68-беренесинин 1-пунктунун талаптарына ылайык келишим түзүү;

-       Мамлекеттик муктаждыкка алынып коюлган жер участокторуна (үлүштөрүнө) мамлекеттик менчик укугун  Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Каракол-Аксуу филиалында каттоодон өткөрүʏ;

-       Мамлекеттик муктаждыкка алынып коюлган жер участокторуна (үлүштөрүнө) мамлекеттик менчик укугун каттоо аяктагандан кийин, андан ары трансформациялоо жана «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна Каракол эл аралык аэропортунун  конуу тилкесин реконструкциялоо үчүн бөлүп берүү максатында жер үлүштөрүн бириктирүү жолу менен жер участогун түзүү;

  1. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.
  2. Токтом ММКларда жарыялансын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жʏргʏзʏʏ Каракол шаарынын биринчи вице- мэри Н.Турсунбековко жүктөлсүн.

Тѳрага                                                                                                        Т.Акимканов