Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Каракол шаардык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XXXIX-сессиясы

2024-жылдын 26-мартындагы № 28-39/4

                                                                                                                                                              

Ипподромду, ага жанаша жайгашкан жер тилкелерин, Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2024-жылдын 12-мартындагы чыг:№01-16-920 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXIX сессиясы

                                                             токтом кылат:

  1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Масалиев атн кѳчѳсʏ дарегинде жайгашкан ипподромду, жалпы аянты 44,76 м2 жана Кара-Жал айыл аймагында жайгашкан кѳмѳкчʏ чарбалык жалпы аянты 67 га жер тилкелери бар ипподромду, Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Каракол шаардык Кенешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы, №27-26/10 токтому менен бекитилген, тарыхый-маданий мурастардын обьектеринин реестринен, Каракол шаарынын Масалиев атындагы н/жок дарегинде жайгашкан, ипподромдун трибунасы чыгарылсын.
  3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  4. Токтом ММКларга жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
  5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.

Тѳрага                                                                                                    Т.Ж.Акимканов