КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XXXIX-сессиясы
2024-жылдын 26-мартындагы № 28-39/5
Жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруунун балансына имаратты, жанаша жайгашкан жер тилкеси менен кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2024-жылдын 15-мартындагы, чыг.№01-16-977 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXIX сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мʏлктʏ башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансынан, Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине, Каракол шаары, Гебзе кѳчѳсʏ, №84 дарегинде жайгашкан, турак эмес, жалпы аянты 942,8 м2 болгон, аянты 5604,0 м2 тʏзгѳн жер тилкеси менен, мурда «Ысык-Кѳл Инвестбанк» ААКга караган имаратты, алуусуна макулдук берилсин.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов