БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылынын 06-февралы №1
“Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Жон айылына үстү жабык кичи футбол аянтчасын курууга макулдук берүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIVсессиясы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Жон айылына жалпы наркы 5 168 024 сомду түзгөн үстү жабык кичи футбол аянтчасын курууга түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка даярдалган долбоору жөнүндө Ш.Булдурованын сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Жон айылына жалпы наркы 5 168 024 сомду түзгөн үстү жабык кичи футбол аянтчасын курууга түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка даярдалган долбоору жактырылсын.
2. 2 218 024 (эки миллион эки жүз он сегиз миң жыйырма төрт) сому Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
3. 2 950 000 (эки миллион тогуз жүз элүү миң) сому (үлүштүк) гранттан суралсын.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин, жарыялоо жагы катчыга милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш ,элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча туруктуу” комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | А.Чолпонбаев . |