Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 06-февралы №2

 

“Жер мунапысын мыйзамдаштырууда сол жээк жана Акман каналынын четтетүү зоналарын белгилөө жөнүндө”

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIVсессиясы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин” Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүңдө жобону бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык Бешик-Жон айыл аймагында мыйзамсыз отурукташкан элдин турак жайларын документтештирүү үчүн сол жээк жана Акман каналдарынын четтетүү зоналарын белгилөө жөнүндө айыл өкмөт башчысы А.Адишовдун сөзүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Бешик-Жон айыл аймагында мыйзамсыз отурукташкан элдин турак жайларын документтештирүү үчүн сол жээк жана Акман каналдарынын четтетүү зоналары 24м деп белгиленсин.

 

2.    Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жана тиешелүү жактарга жеткирүү жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

 

3.    Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин, жарыялоо жагы катчыга милдеттендирилсин.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери боюнча туруктуу” комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага:

А.Чолпонбаев .