Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 06-февралы №3

 

“Баймундуз айылына арка куруу жөнүндө”

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIVсессиясы Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз айылынын кире берүүчү чегине арка орнотуу жөнүндө айыл тургундарынын атынан Төрөгулов Сардарбектин арызын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз айылынын кире берүүчү чегине арка

орнотууга макулдук берилсин.

 

2.    Мыйзам чегинде аткарууга алып жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.    Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин, жарыялоо жагы катчыга милдеттендирилсин.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери боюнча туруктуу” комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага:

А.Чолпонбаев .