Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 06-февралы №4

 

“Муниципалдык кичи футбол аянтчаларын ижарага берүү жөнүндө”

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIVсессиясы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Баймундуз жана Карача айылдарындагы кичи футбол аянтчаларын ижарага берүү жөнүндө Адишов Кайраттын жана Жусупбаев Нурландын арызына негиз Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаеванын сөзүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылындагы кичи футбол аянтчасы, Баймундуз айылдарындагы кичи футбол аянтчасы ачык конкурс жолу менен ижарага берүүгө макулдук берилсин.

 

2.    Калктын санына жараша ижара акысын баштапкы баасы Карача айылына айына 5000(беш миң) сом, Баймундуз айылына айына 6000(алты миң) сом ижара төлөм белгиленсин.

 

3.    Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

 

4.    Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин, жарыялоо жагы катчыга милдеттендирилсин.

 

5     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш ,элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча туруктуу” комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

А.Чолпонбаев .