Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХXIV сессиясы

 

2023-жылдын 30-январы № XXIV/2

Баетов айыл аймагына мал базар куруу үчүн жана социалдык шаарча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү  жөнүндө

Баетов айыл аймагына мал базар куруу үчүн жана социалдык шаарча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү  боюнча маселени  угуп жана талкуулап       

                                                       ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.              Баетов айыл аймагына мал базар куруу үчүн Кайыңды-Булак айылынын  күн батыш тарабында жайгашкан №249 контурундагы  1 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.              Баетов айыл аймагына социалдык шаарча куруу үчүн Кайыңды-Булак айылынын түштүк  тарабында жайгашкан № 260 контурундагы 1.87га, № 262 контурундагы 6.13 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

3.              Тиешелүү иш кагаздарды даярдоо Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Абдылдаевге тапшырылсын.

4.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага:

Ч.Азимжанов