Редакцияот 6.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 06-февралы №7

 

“Боди-камера жана планшет алып берүү жөнүндө”

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIVсессиясы Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Б.Б.Мавлянкуловтун кайрылуу катын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.     Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн КККнын милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө боди-камера жана планшет алып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.     Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.     Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин, жарыялоо жагы катчыга милдеттендирилсин.

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери боюнча туруктуу” комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

А.Чолпонбаев .