Редакцияот 19.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXXVIII сессиясы

 

 

2020-жылдын 19-майы  № 1

 

«МТС-Көк-Ирим» муниципалдык ишканасына “Кыргызстан” прессподбощигин алуу жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “ОСОО Макмал Голд” компаниясы тарабынан Көк-Ирим айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 400 000 (Төрт жүз миӊ) сом акча каражатына «МТС-Көк-Ирим» муниципалдык ишканасына “Кыргызстан” прессподборщиги алынсын.

2. “ОСОО Макмал Голд” компаниясы тарабынан Көк-Ирим айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 400 000 (Төрт жүз миӊ) сом акча каражаты «МТС-Көк-Ирим» муниципалдык ишканасынын счетуна “Кыргызстан” прессподборщигин алуу үчүн которулуп берилсин.

3. Керектелүүчү акча каражатын которуу жагы Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүккө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке тапшырылсын.

Көк-Ирим айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:

С.Топоев