Редакцияот 19.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXXIX сессиясы

 

 

2020-жылдын 19-августу  № 2

 

Арал айылына таза суу чыгаруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылына таза суу чыгаруу үчүн К. Молдокеримов көчөсүндөгү эски кампанын 5980,0 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнүп берилген жер участогун мыйзамдаштыруу жагы Тогуз-Торо райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.

 

 

  

Көк-Ирим айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

С.Топоев