Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КөК ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Кок-Жар айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы  

2023-жылдын 19-апрели № 21/2

Жер участогун которуу (трансформациялоо)  жөнүндө

 

 Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын алдындагы жер комиссиясынын  2023-жылдын 31-январындагы корутундусу жана 2023-жылдын 10-апрель № 01-36-а/ 76 –б буйругунун негизинде,    Көк-Жар айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

Токтом кылат

 

          1.Көк-Жар айыл аймагынын Ак-Кыя айылындагы № 3127- контурдан 0,5 га жер аянтын таштанды төгүүчү жай уюштуруу максатында жана № 2670-контурдан 0,1 га жер аянтын биометрикалык “Беккари” чункурун куруу үчүн айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясына которулсун.

          2.Көк-Жар айыл аймагынын Ак-Кыя айылындагы № 3127-контурдан 0,5га  жер аянтын таштанды төгүүчү жай уюштуруу, Көк-Жар айылындагы № 2665-контурдан 0,5 га жер аянтын таштанды төгүүчү жай уюштуруу жана № 2670-контурдан 0,1 га жер аянтын биометрикалык “Беккари” чуңкурун куруу максатында пайдаланууга бөлүнүп берилсин.

          3.Жер балансасына өзгөртүү киргизүү жана каттоодон  өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акматовго тапшырылсын.

          4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

                                               К. Мамытов